www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фитнес-браслет тагынып жүргөндөр оорунун алгачкы белгилери баштала электе эле организминдеги өзгөрүүлөрдү байкап калганын айтышкан.

Америкалык окумуштуулар коронавирусту фитнес-браслеттин жардамы менен аныктоонун жаңы жолун табышты. Бул тууралуу Nature Medicine журналындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Адистер COVID-19 жуктуруп алып, анысы тест аркылуу аныкталган бейтаптар арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Жыйынтыгында фитнес-браслет тагынып жүргөндөр оорунун алгачкы белгилери баштала электе эле организминдеги өзгөрүүлөрдү байкап калганын айтышкан. Мисалы, мурдагыдан бат-бат дем ала баштаганы, күрөө тамырдын тез согушу жана уйкунун бузулушу билинген.

Окумуштуулар жаңы ыкма менен оорунун симптомсуз формасын дагы аныктап алса болорун айтууда.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости