www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миллиард сом оюнчук эмес. Жымшыган терлер ачылып, жыштыктар кыргыз калкы карантинде калтырап жатканда ит бекер акчалар чет мамлекетке самсый баштаган.Радио жыштыгын казак ишкерлерине  сатуу боюнча, казактар  миллиард сом пара беришкен.Буларды саткандардын алкымдарынын кенендиги түрмөнүн аянты менен эсептелине тургандыктан, бул иш билинип калып мурунку өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев ушул боюнча  кызматынан кеткен. Бул ишти жакшы иликтебесе болбойт, анткени “Амир-полковниктин” да карааны жүрөт. Акча дегенде сайгак тийген уйдай дыркырашып, калайык –калкты бири –бири менен тытыштырып жиберүүдөн кайра тартышпагандар элдин эсебинен тез байлык топтоону эңсешип, кантип акча табууну эстегенде көз жаштарын көл кылышып муңканган аваздарда үн чыгарышат. Булар акчанын жытын жыттаса, Кыргызстанды кепекке теңеп жибериши мүмкүн. Учурунда 15 МГц үналгы жыштыктары аукцион аркалуу 1 миллиард 500 миң сомго бааланып сатылган. Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп туруп, 200 МГц үналгы жыштыктары 700 сомго саткан, ошол сатып алган казак ишкерлери менен 2020-жылдын 15-майында ал кездеги вице-премьер Эркин Асрандиев жолугушкан. Барынан кызыгы 700 сомго тооктун этин сатып жаткансып, мыйзам боюнча тиешелүү аукцион да өткөрүмүш болгон эмес. Аукцион өткөрүп коюшса деле аны ким билет эле, ич ара бүлкүлдөшүп, бир аз кымбатка болсо да сатышмак, бирок мыйзамдуулукка бир –аз жакындап калмак.  Мамлекеттик бюджеттин акчасын коруй турган ошол кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев үналгы жыштыктарынан өлкөнүн казынасына миллиардаган пайда түшөөрүн, эң жакшы түшүнүп турса да мыйзамды бузуп, аукциону жок, конкурсу жок Казакстандын компаниясына өткөрүүгө шалаакылык менен жол берген. Ушундай эле лицензиялар 900 миллион долларга сатылып, мамлекеттин бюджети миллиарддаган сомдорго кампайа түшкөнү тууралуу да айтылууда. Ушунча зор суммага сатыла турган үналгы жыштыктары 700 сомго сатылса, бюджетке канча пайда түшмөк эле, балким кимдир –бирөөлөрдүн капчыгын кампайткандыр, ким пайда тапканы тууралуу коопсуздук органдары териштирип  айтар. Ал эми ушул иштерди салмактап жаткан эксперттердин айтуусунда мамлекеттик бюджет 5 миллиард долларга зыян тарткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости