www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус бийлиги митинг учурунда ок чыгарды

Беларустун борбору Минск шаарында жекшемби күнкү нааразылык акциясында 200дөн ашуун адам кармалды. Миңдеген демонстранттар өлкө башчысы Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана президенттик кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып чыгышкан.

“Азаттыктын” белорус кызматы Беларустун журналисттер ассоциациясынын маалыматына таянып кабарлагандай, кармалгандар арасында төрт журналист бар, алардын экөө катуу сабалды.

Күч кызматкерлери демонстранттарга каршы кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу гранаталарды колдонушту. Бийлик бир нече жолу асманга ок атылганын моюнга алып, мындай чара “уруксат берилбеген иш-чара учурунда тартипти камсыз кылуу үчүн жасалды” деп билдирди.

9-августта өткөн президенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко алтынчы жолу президенттикке шайланганын жарыялаган соң оппозиция ага макул болбой, нааразылык акцияларын баштаган. Ушуну менен 12-жекшемби ири митинг өтүп, жүздөгөн адамдар кармалды, алардын айрымдары кыйноого кабылганын эл аралык уюмдар бир нече жолу билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости