www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сурамжылоо: Байден Трамптан жети пайызга алдыда

АКШда президенттик шайлоого аз калганда азыркы президент Дональд Трамп жана анын демократ атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден чечүүчү роль ойношу ыктымал, бирок пикири олку-солку болуп турган штаттарды кыдыра башташты.

Алар - Флорида, Түндүк Каролина, Аризона, Пенсильвания, Мичиган, Висконсин, Жоржия, Айова жана Миннесота.

Бул штаттардын дээрлик баарында төрт жыл мурдагы шайлоодо Трамп жеңген. Ал эми быйыл, сурамжылоолорго караганда, Байден алдыда баратат. Бирок добуштар боюнча айырма анча чоң болбогондуктан Байден үчүн ишенимдүү деп айтуу мүмкүн эместей.

Жалпы өлкө боюнча сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Байден Трамптан орточо эсеп менен жети процентке озуп баратат.

Бирок жеңүүчүнү аныктоодо добуштардын көпчүлүгү эске алынбайт, себеби шайлоочулар коллегиясындагы добуш берүү чечүүчү деп эсептелет жана ал штаттардагы добуш берүүнүн жыйынтыгына жараша куралат.

Белгилей кетсек, Президенттик шайлоо АКШда 3-ноябрга белгиленген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости