www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бригам Янг университетинин (АКШ) окумуштуулары уйдун майлуулугу аз сүтүн ичкен адамдар, өз жашына караганда кеч карыйт деп жыйынтык чыгарышты. Бул тууралуу РИА новости жазды.
Маалыматка таянсак, Ларри Такер аттуу окумуштуу башында турган топ 6 миңге чукул америкалыктар арасында изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгын ушундай деп табышкан.
Окумуштуулар адамдарды үч топко бөлгөн.
Биринчиси — майлуулугу 2 пайыздан ашкан сүт ичкендер, экинчиси — майлуулугу 1 пайыздан төмөн сүттү пайдалагандар.
Ал эми үчүнчү топко киргендер таптакыр сүтсүз жашагандар эле.
Натыйжада майлуулугу аз сүт ичкендер өз курагына караганда жаш көрүнөөрү аныкталган. Ошондой эле атайын аппарат менен текшергенде мындай адамдар биологиялык курагына караганда төрт жылга жаш экени маалым болгон.
Адистер азыктын бул түрүн күнүмдүк рационго киргизүүнү сунуштайт.
Булак:NazarNews.kg