www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Турат мырза, сиз ар дайым эл ичинде жүргөн адамсыз, элдин маанайы кандай, бийликке болгон нааразычылыктары барбы?
– Бүгүнкү күндө тиягы Кемин, быягы Панфиловго чейин ар бир райондун эли менен жолугуп турам. «Бийликке болгон нааразычылыктары жок» десем, калп айткан болом. Бар, социалдык, экологиялык, ички миграция, жумушсуздук – ушунун баары өкмөттүн алсыздыгынан келип чыгып атат да. Азыркы президент Сооронбай Шариповичтин берген багытын жергиликтүү бийлик, анын башында турган өкмөт эл менен иштеше албай, аны туура жолго сала албай, чабал болуп, эл нааразы болууда.
– Айрым аналитиктердин баамында, «мурунку президент Атамбаев камалгандан кийин түндүк-түштүк ажырымы чоңойду, эл бөлүнүп калды» деген баасын беришүүдө. Сиз ушуну байкап атасызбы?
– Атамбаев камалардын алдында экс-президент катары түндүк-түштүк маселесин көтөрүп койгону элди ойлондуруп салды. Атамбаев курал катары пайдалануу ою ишке ашпады. Түндүк-түштүк маселеси көшөгө артында кала берди. Бирок, «тынчып калды» деп бийлик, өкмөт жөн жата бербеш керек. Кадр маселесин ар бир райондон облуска, андан республикалык деңгээлге чейин бир сыйра карап, анализдеп чыгуусу абзел.
– Кой-Таш окуясын мамлекеттик комиссия иликтеди. Күч органдарынын жоопкерчилиги каралган жок. Элдин нааразычылыгы да ушул болуп аткандай. Эмне үчүн спецоперация жүргүзүшөт да, натыйжасы ийгиликтүү болгон жок?
– Мен укук коргоо органында 30 жылдан ашык иштедим. Мындай операциялардын далайын жүзөгө ашырганбыз. Спецоперация өтө кылдаттык менен ийне-жибине чейин иликтеп туруп жасалат. Кой-Ташка келе турган болсок, ал жердин жайгашышы, элдин саны, кайсы жерде тапггар төгүлгөнү… эмне үчүн «таш төгүлгөнү» деп атам, себеби, биздин мамлекет эки жолу «таш операциясынан» бийлик алмашылды. Бу жолу да Атамбаев операциядан эки ай мурун «короомо таш төктүрдүм» деп какшап келбеди беле? Жок дегенде ушул жагдайды эске алып, операция учурунда чогулган жана чогула турган элди төгүлгөн таштардан оолак кармоо жагын карашса болмок. Ошонун айынан канча деген эл жабыркады.
– Мамлекеттик комиссияда күч органдарынын ката кетирген жетекчилеринин жоопкерчилиги каралган жок, ушул боюнча оюңуз кандай?
– Баардыгы дыкат даярдалбаганын, кетирген кемчиликтерин түз көрсөтпөсө да кыйыр түрүңдө белгилеген жактары бар. Комиссиянын толук укугу бар болчу, кандай чара көрүш керек, ошону айтып, көрсөтүп кетсе болмок. Жогорку Кеңеш өкмөткө тапшырма гана берип койду, «жоопкерчилигин карагыла» деп. Операцияны жүргүзгөн жетекчилерге кандай жаза берилет? Тез аранын ичинде элге, коомчулукка айтышы керек, убакыт болсо өтүп, эл күтүп атат.
Сурат Жылкычиев
Булак: "АЗИЯnews"