www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европалык окумуштуулардын тобу XIV-кылымдын ортосунда Европада, Азияда жана Африкада он миллиондогон адамдардын өмүрүн алган кара тумоонун бубондук түрү эпидемиясы кайдан тарай баштаганын акыры аныктап чыгышканын айтышууда.

Шотландиянын Стерлинг университетинин жана Германиянын Тюбинген университетинин жана Макс Планк атындагы физика институтунун окумуштуулары Ысык-Көлдүн жанында көмүлгөндөрдүн тиштерин анализдеп, бул тумоонун биринчи очогу 1330-жылдары азыркы Кыргызстандын аймагында болгон деген тыянакка келишкен.

Кара тумоо эпидемиясы адамзаттын тарыхындагы эң ири эпидемиологиялык жоготуулардын бири болуп саналат. Бирок, ар кайсы мезгилде жүргүзүлгөн көптөгөн изилдөөлөргө карабастан, окумуштуулар дагы эле анын түпкү очогу кайсы жерде болгонун так аныктай албай келишкен. Ар кандай булактардын маалыматы боюнча, Европа континентинин калкынын 60% га жакыны эпидемиянын курмандыгы болушкан.

Азыркы Ысык-Көл облусунда 1338-39-жылдары бул аймакта өлүмдүн кескин көп болушун окумуштуулардын көңүлүн бурган.

Тиштер түйүндүн сырын чечти...

Тюбинген университетинен доктор Мария Спирунун айтымында, изилдөө тобу жети адамдын сөөгүнө ДНК анализин жүргүзгөн. Окумуштуулар тиштерге өзгөчө көңүл бурушкан, анткени адамдын оозунда көптөгөн кан тамырлар бар жана кан аркылуу жугуучу микроорганизмдерди аныктоо мүмкүнчүлүгү жогору. Өлгөн үч кишинин сөөгүндө Yersinia pestis таякчасынын издери табылган. Стирлинг университетинин тарыхчысы Филипп Славин: "Биздин изилдөө тарыхтагы эң чоң жана эң кызыктуу суроолордун бирине жооп берип, кыргын салган “эң атактуу” кыйраткыч бактерия качан жана кайдан пайда болгонун түшүнүүгө жардам берет",-деди.

Окумуштуулар алардын изилдөөлөрү аз сандагы булак материалы менен гана чектелип калганына кейишет. Алардын айтымында, кеңири аймактагы көбүрөөк калдыктарды изилдөө Борбордук Азиянын бул бөлүгүндө 14-кылымдын орто ченинде болуп өткөн окуялардын толук сүрөтүн берет. Бирок илимий чөйрөдө жетишилген натыйжалар тарыхтын бул мезгилин изилдөөдө жетишкендик катары бааланат. Изилдөөчүлөрдүн тыянактары абройлуу Nature илимий журналында "XIV кылымдагы Евразиянын борбордук аймактарындагы кара өлүмдүн булагы" деген ат менен жарыяланган.

Булак: ВВС 

Последние новости