www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү кандай жүрүүдө?

Вашингтондо сапарда жүргөн Давид Арахамия РФ менен тынчтык сүйлөшүүлөрдө Украина позициясынын алсыз болуп жаткандыгын моюнга алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Киев делегациясын башкарып жүргөн Арахамия сүйлөшүүлөр дээрлик токтоп калганын, эки тараптын өкүлдөрү жумасына бир-эки ирет телефон аркылуу гана байланышып жаткандыгын айткан.

"Биздин маңдай-тескей отуруп жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүбүз чындыгында эле алсыз болуп жатат, андыктан мындай позицияда туруп сүйлөшкүбүз келген жок. Кандайдыр бир жол менен болсо да кырдаалды өзгөртүшүбүз керек", — деп Арахамиянын айтканын америкалык Axios порталы жазган.

Ал эки мамлекеттин ортосундагы кепке келүү токтоп калгандыгын, РФ менен Украина өкүлдөрү аптасына бир же эки ирет телефон менен сүйлөшүп тургандыгын айткан.

Арахамия муну менен катар эле Москва да, Киев да "бул күндөрү сүйлөшүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок экендигин даана сезип тургандыгын" кошумчалаган.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин башчысы Николай Патрушев мурдараак АКШ, Британия жана НАТОнун башка өлкөлөрүнүн деструктивдүү күчтөрү Киевди курал-жаракка толтуруп жана нацисттик маанайын бекемдей бергени орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн токтошуна алып келгендигин билдирген.

РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Сергей Рябков тынчтык сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы Киевдин жана "Батыш кураторлорунун" жоопкерчилигинде экендигин айткан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости