www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемеси Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева тарабынан окуу китептерине байланыштуу айтылган пикирлер боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуу китебин даярдоо бир нече баскычтан турган жана кесипкөй адистердин катышуусун талап кылган процесс.

Ага авторлор, предметтик адистер, методисттер, редакторлор, корректорлор, дизайнерлер жана эксперттер тартылат.

«Окуу китеби» басма үйү айрым каталары бар деп айтылып жаткан 11 жылдык билим берүү системасына тиешелүү окуу китептери мекемеге таандык эместигин белгиледи.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда 12 жылдык билим берүү моделине ылайык жаңы окуу китептери бекитилген талаптардын негизинде даярдалып жатат. Алар окуу программаларына жана заманбап билим берүү талаптарына ылайык иштелип чыгып, эксперттик баалоодон өткөрүлүүдө.

Ошондой эле жаңы окуу китептерин иштеп чыгуу жана басып чыгаруу белгиленген планга ылайык этап-этабы менен жүргүзүлүп жатканы айтылды. Каржылоо да бекитилген пландын негизинде каралууда.

«Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемеси сын-пикирлерди жана сунуштарды ачык талкуулоого даяр экенин билдирип, коомдук маанидеги маселелер боюнча маалымат таратууда такталган фактыларга таянуу жана божомолдорду факт катары бербөө зарылдыгын белгиледи.

Последние новости