www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш байгесине ээ болгон Акжол Махмудов мамлекеттен бериле турган сый акыга турак үй сатып алууну пландап жатат. Ошондой эле кайрымдуулук иштерди жасоо кыялын ишке ашырып баштай турганын айтып, социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу Токиодо мелдешке кийип чыккан трикосун аукционго койду.

Акжолдун күмүш медалы Кыргызстан үчүн Токиодогу Олимпиаданын алгачкы байгеси болду. Ошондой эле эгемендүүлүктөн берки экинчи күмүш байге болуп калды.

«Бала кезимден бери Олимпиаданын алтын медалын тагынуу кыялым болуп келген жана боло бермекчи. Ошондой эле муктаж болгон жарандарга көмөк көрсөтүп, спортто эле эмес, калктын жыргалчылыгы үчүн да салым кошкум келет.

Кайрымдуулук ишимде бүгүн биринчи кадамым менен Токиодогу Олимпиада юндарындагы трико аукционго коюлат. Түшкөн каражат кайрымдуулук фондуна берилет», - деди спортчу.

Анын баштапкы баасы 50 доллар. Аукцион августтун аягына чейин созулат.

«Көп жылдан бери Бишкекте ижарага алган батирде жашагандыктын мамлекеттен берилген сыйлыкка үй-бүлөм үчүн үй сатып алууну пландап жатам», - деди Акжол Махмудов.

22 жаштагы Акжол бул жылы Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышып келген.

Жалпысынан мамлекет Махмудовдун күмүш медалы үчүн 15 млн 725 миң сом бөлөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, акчалай сыйлыктарга салык алынбайт.

Акчалай сыйлыктын ээлери:

- Махмудов — 7,5 млн сом;

- Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев — 2 млн 225 миң сом;

- Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков — 1 млн 875 миң сом;

- Жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов — 1 млн 875 миң сом;

- Биринчи машыктыруучусу Жеңиш Сатыбалдиев — 750 миң сом;

- Дарыгер Бактыгүл Алишева — 750 миң сом;

- Укалоочу Константин Еремич — 750 миң сом.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости