www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында пландаштырылган жер-жерлердеги иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
Бишкек шаары
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда кыргыз-казак улуттук көркөм өнөр чеберлеринин эл аралык "Сармерден" теледолбоору.
24-25-август, саат 18:00.
"Манас" кинотеатрында "Шамбала" көркөм тасмасынын улуттук премьерасы.
26-август, саат 18:00.
Борбордук эски аянтта "Кыргызстан менин мекеним!" аттуу этностор аралык достук фестивалы.
27-август, саат 10:00.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти.
30-31-август, саат 19:00.
Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда кыргыз элинин төкмө акыны Өтө Көкө уулунун (Жеңижоктун) 160 жылдыгына, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата кыргыз-казак акындарынын айтышы.
30-31-август, саат 18:00.
Борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык салтанат.
Аянтта аскер жана эмгекчилер парады, театралдык оюндар, балдар коллективдеринин, кыргыз эстрадасынын, элдик чыгармачыл артисттердин катышуусу менен майрамдык концерт, жалпы элдик майрамдык сейилдөө, кыргыз жана чет элдик белгилүү сахна жылдыздарынын катышуусунда кечки программа.
31-август, саат 09:00.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы.
5-сентябрь, саат 18:00.
Ош облусу
Ош шаарынын борбордук аянтында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган майрамдык салтанат.
31-август, саат 09:00.
Баткен облусу
Баткен шаарынын борбордук стадионунда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган майрамдык салтанат.
31-август, саат 17:00.
Ысык-Көл облусу
Чолпон-Атадагы ат майданда "Көк бөрү" жана улуттук ат оюндары.
31-август, саат 9:00.
Жалал–Абад облусу
Барпы атындагы Жалал-Абад облустук драма театрында "Алтын өрөөн" кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы.
20-август, саат 10:00.
Ысык-Көл облусу
Каракол шаарындагы борбордук аянтта эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына, Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына, Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата маданий-массалык иш-чара.
21-август, саат 10:00.
Нарын облусу
Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы эс алуу багында республикалык кол өнөрчүлөрдүн "Шырдак" жана "Оймо" фестивалдары.
23-25-август, саат 12:00.
Талас облусу
"Манас ордо" улуттук комплексинде "Урааным Манас!" аттуу театрлаштырылган салтанат.
29-август, саат 20:00.
Булак: NazarNews.kg