www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын районунун Эмгек-Талаа жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүндөгү Куланак ГЭСи курула турган аймакта биздин заманга чейинки III-II кылымдарга таандык тарыхый буюмдар табылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

В Нарынский областной музей передали 52 экспоната III-II веков до нашей эры, обнаруженные археологом Орозом Солтобаевым в районе строительства Куланакской ГЭС

Ага ылайык, археологиялык казуу иштери учурунда табылган 52 экспонат Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейге өткөрүп берилди.

Экспонаты III-II веков до нашей эры обнаруженные в районе строительства Куланакской ГЭС археологом Орозом Солтобаевым в районе строительства Куланакской ГЭС

Изилдөөчү, тарых илимдеринин кандидаты Ороз Солтобаевдин айтымында, ГЭСти куруунун алдында маданий, тарыхый эстеликтер бузулбасын деген максатта археологиялык изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

В Нарынский областной музей передали 52 экспоната III-II веков до нашей эры, обнаруженные археологом Орозом Солтобаевым в районе строительства Куланакской ГЭС

"Натыйжада көптөгөн кызыктуу экспонаттар табылып, мындан 2,5 миң жыл мурда ушул аймакта маданияты өнүккөн эл жашаганы белгилүү болду. Табылгалардын ичинде чоподон, сөөктөн, колодон, таштан, алтындан жасалган буюмдар, күзгү, идиш-аяк, зер буюмдар бар", — деди Солтобаев.

Экспонаты III-II веков до нашей эры обнаруженные в районе строительства Куланакской ГЭС археологом Орозом Солтобаевым в районе строительства Куланакской ГЭС

Тарыхый табылгаларды тапшыруу иш-чарасына президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров катышып, кыргыз маданиятына, тарыхына кошкон чоң эмгеги үчүн Ороз Солтобаевге, анын жамаатына жана казуу иштерине жардам берген жеке ишкер Куттубай Мырзабековго ыраазычылык билдирген. Ал жакын арада тарыхый жайларды изилдөө иштерине жергиликтүү бийлик тарабынан көңүл буруларын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости