www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15 эл аралык финансылык уюмдардан, 450 кайрымдуулук  эсебинен акча кайтарымы аныкталган эмес, ошол жактан келери менен валюталары менен жок болгон. Мамлекеттик бюджетте карыздардын көлөмү чыгашалардын 60 пайызынан ашып кеткен, эмне үчүн бюджетте иштегендердин айлыгы көтөрүлбөйт, анткени биз кирешеге 100 сом түшсө, анын алтымышын чет мамлекеттерге карыз үчүн төлөп беришибиз керек. Чет мамлекеттен келген импорт товарлар өзүбүз чыгарып чет мамлекетке сата турган экспорттордон ашып кетип тескери сальдо көтөрүлүүдө. Инфляция деле жарыткан жок, анын уламдан-улам көтөрүлүп баратышы экономикабыздын бутун тушап турат. Бюджетке акча топтой турган өндүрүш ишканалары курулбай, көп жылдардан бери стагнацияга же токтоп калууга дуушар болгонбуз. Бийлик башчылары өз жеке жыргалчылыгын ойлошуп, мамлекеттин, элдин тагдыры кызыктырган жок.

Кыргызстанда 20 000 000 долларга тете байлыкты сыртка чыгарып кетишти. Элдин айласы кетип, окко тике качырышып эки ирет ыңкылап, дагы бир ирет бийликти алмаштырышты. Мындай саясий процесстерге бекер жеринен барган жок, эл жакырчылыктын сазынан чыга алышпай ушундай жагдайларга келишти.

Кыргызстан дүйнөдөгү 180 мамлекеттин ичинде 154-чи орунда эң жакыр мамлекеттердин арасында орун алган. Акчабыз жок жалдыраган, шалдыраган мамлекет башчыларына кор болдук.

Дүйнөдөгү 2016-2020 – жылдагы рейтингдердин эсебин салыштырып отуруп Статистика Борбор Азияда төрт мамлекеттин ичинде үчөө дүркүрөп өсүп баратканын баса белгилеген. Алсак, Түркмөнстан жылдык өсүшү 8,5 пайыз менен үчүнчү орунду ээлесе, Өзбекстан жылдык өсүшү 8 пайыз менен алтынчы орунду алган. Ал эми Тажикстан 6,5 пайыз менен он бешинчи орунду ээлейт. Ал эми биздин Кыргызстан бул рейтинг боюнча да артты көздөй сүрүлүп калган.

Эми салыштырып көрөлү Кыргызстан бул коңшу мамлекеттерге караганда эл аралык уюмдар менен кызматташып келатат. Үч мамлекет тең кирбеген Евразиялык Экономикалык Кызматташтыктын (ЕврАзЭС) мүчөсү. Макулдашылган келишимдер боюнча  Евразиялык Экономикалык Кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасы үчүн көптөгөн жеңилдиктер бар. Бизге коңшулан экономикасы дүйнөдө АКШты сүрүп бараткан Кытай Элдик Республикасы бар, бул мамлекет менен Шанхай Кызматташтык Уюму аркылуу байланышабыз, бул мамлекетте миллиардаган талап кылуучулар бар. Евробиримдик менен ратификацияланган келишим боюнча алтымыштан ашык товарлар, бул Биримдикке кирген мамлекеттерге бажы төлөмү жок киргизилиши керек болсо, биз мындай соода кылуунун жакшы жактарын колдоно алган жокпуз. Кыргызстан учурда чет мамлекеттерге 500 000 000 долларлык товарды сатууга мүмкүнчүлүгү бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости