www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-майда Россиядан 400 жаран, тагыраагы жалаң кош бойлуу аялдар жана балдар учуп келишет.

Бул тууралуу жарандык активист Карим Төрөбеков жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

Анын айтымында "Аэрофлот" компаниясынын чартердик каттамына таандык учак саат 07:30да учат.

"Шереметьево аэропортунда азыркы тапта жарандарыбыз жолго чыгуу үчүн камылгаларды көрүп жатышат. Учак атайын 5 айдан 8 айга чейинки кош бойлуу аялдар жана 2 жашка чейинки балдар үчүн уюштурулган. Азыр эркек адамдар жубайын, жакындарын учакка салуу үчүн аэропортко узатып келишкен.

Талапка ылайык, бул каттамда бир гана аял кишилер жана балдар бар. Каттам менен эркек кишилер да келе жатат десеңиздер, жаңылышасыздар. Кыздын кырк чачы улуу дейт, кыздарыбыз дайыма бийик болсун", - деди активист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости