www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Токтосун Толубаевич Ош ОИИБдин Ардагерлер кеӊешинин төрагасы катары Ош милициясы коронавирус илдети менен күрөшүүдө кандай иш алып барды?

--2020-жылдын 25 -март күнүнөн баштап Ош шаары жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилген болсо Ош облусунун башка райондорунда өзгөчө кырдаал 20-марттан баштап киргизилип, коронавирус илдетин жоюу иш-чараларынын алкагында коюлган санитардык-карантиндик посттордо, жарандарды обсервацияга алган жайларда Ош шаардык, Облустук ички иштер башкармалыгынын, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоӊ-Алай райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы башка күч түзүм жана жергиликтүү бийлик органдары менен күнү-түнү тынымсыз иш алып барышты жана алып барышууда. Мындан сырткары оору жугузуп алган жарандарды аныктап обсервацияга алууга жана алынган жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда көчөлөрдө патрулда жүрүшөт.

--Өзгөчө абал учурунда эл менен иш алып барууда коомчулук менен байланыш кандай деӊгээлде болду?

--Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дезинфекциялоо иштерине да көмөк көрсөтүшүүдө. Ош шаары жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун аймагында өзгөчө абал кирген күндөн баштап, калк арасында да суроо талаптар күчөп кимге кайрылабыз деп турган учурда милициянын полковниги Малик Нурдинов жетектеп турган Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендатурасынын алдында түз байланыш уюштурулуп, жарандар үчүн тынымсыз байланыш линиялары ишке салынганы, калктын көйгөйүн угуп суроолоруна ыкчам жооп алганга шарт түзүлгөнү-калк арасында жакшы пикир жаратты. Комендатуранын курамындагы кызматтар күнү-түнү элдин үнүн угуп, санаасын кошо тартып, түйшүгүн бирге көтөрүп жатышты. Ош шаары жана Ош облусунун аймагынан жардам сурап кайрылган 90 миӊден ашуун жарандарга жергиликтүү бийлик тарабынан жардам көрсөтүлдү. Жалпы эле жарандардын катарында кыйынчылыкка дуушар болгон ички иштер органдарынын 220 ардагерине азык-түлүк жактан жардам көрсөтүлдү.

--Ар бир учурда көйгөйлүү маселе жаралат эмеспи, Өзгөчө кырдаал учурунда ошондой маселелерди чечүүдө кандай иштер жүргүзүлдү?

--Коменданттык саат учурунда кыйын абалга кептелген жарандарга кечиктиргис жардам көрсөтүү максатында комендатура тарабынан уюштурулган ыкчам жардам көрсөтүүчү топтун ишин баса белгилеп кетпесем болбойт. Курамында Ош ОИИБдин орто жетекчи курамынын офицерлери менен Ош ОИИБдин медицина кызматынын кызматкерлеринен турган бул ыкчам жардам көрсөтүү тобу тарабынан 215 жаранга жакындан жардам көрсөтүлдү. Кандай жардам көрсөтүлдү деген суроо жаралышы мүмкүн. Ден соолугуна байланыштуу райондун, облустун борборуна же Ош шаарына, Бишкек шаарына бара турган жарандар, же тескерисинче жакындарынын абалы оорлошкондугуна байланыштуу өздөрү жашаган айылга кайтуу, айыл жеринен райондун борборуна төрөт үйүнө келе турган жарандар, күндө керектелүүчү дары-дармеги түгөнүп түн ичинде таба албай турганда дары-дармектерин, оптикалык каражаттарын жеткирип берүү сыяктуу кечиктирилгис жардамдар көрсөтүлгөн. Ал эми эч кимге жарыя кылбай эле кайрымдуулук кылган учурлар ондоп саналат. Мен айткан иш чаралар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланган эмес. Анткени милиция кызматкерлери бул иш чараларды биз кылбасак башка эч ким кылбайт!- деген жоопкерчилик менен милдети катары баалашат.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости