www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлүм лагерлери Пакистандын түндүк-батышында Ооганстан менен чектешкен жерлерде орун алган. Булардын тарбиялануучуларын талибандар керектүү адамдарга үстүнөн баалап сатышып, бизнес кылышат. Мечиттерден тиги дүйнө бар экенине ишенип, өлсө шейит боло турган наристе балдарды тандап, бул өлүм лагерине алып келишет. Пакистандын коопсуздук күчтөрү Сват өрөөнүндө талибдер тарабынан өлүмгө даярдалган 200 өлүм үчүн башын сайган балдарды кармаган. Булардын эң кичүүсүнө 6 жаш толот экен, башкалары деле ушундан бир аз улуурак наристелер. Балдарды психологиялык жактан зомби кылып салышкан, алар өздөрүн теракт менен өлтүрүшүп, өлө турган болушса түз эле бейишке бара тургандарына бекем ишенип алышкан. Алар ушунчалык ишенимде болгондуктан эгер бул жолдон кайттыра турган болсо, ал эмес ата-энесин жазалоодон кайра тартышпайт. Эң коркунучтуусу бул камикадзелер менен биринчи маек ишке ашкан эмес. «Балдардын эч кандай сөздү угар кебетеси жок. Буларга террористтер деген кимдер экенин түшүндүрө алган жокпуз» -деген маалыматка провинциянын өкмөтүнүн министри Башир Ахмед Билоур. Сват, Малаканд, Лакки райондорунда өлүм үчүн дапдаяр наристелердин лагерлери бар.
Рейтердин маалыматтарына карасак: «Наристе балдардын мээлерин тескери айлантышкан. Алар ал эмес өз ата-энелерин динге ишенбегендер деп эсептешет». Рейтердин билдирүүсүндө балдарга мусулмандарга жаман мамиле жасап жаткандар тууралуу тартылган фильмдерди көрсөтүп турган. Бул фильмдерде Палестинадагы жана Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн жагындагы мусулмандарга жасалган мамилелерди байма-бай көрсөтүп турган, андан тышкары ар кандай диний инструкцияларды, алар капырларды өлтүрүп, теракттан көз жума турган болушса түз эле бейишке барышарын кулагына сиңиришет.
Бул аскерлерге командачылык кылган бригадир Тахир Хамиддин айтуусунда талибандар көпчүлүк үй-бүлөлөрдөн балдарын сатып алышып, кээ бирөөнү тартып алышып өлүм лагерлеринен даярдашып, эч ким укпаган чоң суммага балдарды үстүнөн сатышат. Балдардын ата-энеси өлгөн балдары үчүн болбогон гана акчаларды алса алышат. Кээ бир балдар ата-энесине кайтышканы менен өз ата-энелерин каршы мээлери зомби болуп калгандыктан, бул лагерлерге кеткен учурлары бар. «Талибан» кыймылы өлүмгө башын байлаган мындай жоочулардын жоопкерчилигинен качышпай, мындай балдарды Пакғистан менен Ооганстанда тарбиялап жаткандарын мойундарына алышкан.
Дүйнөдө кокаин жана апийим өндүрүү өсүүдө. Сап башында Колумбия жана Ооганстан турат. Ооганстанда апийимди талибандык күчтөр өстүрүп камкордукка алган. Эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө, Борбор Азиядагы Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Ооганстандан жыл сайын тонналаган баңгизат Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жеткирилет. Бирок анын так саны тууралуу маалымат жок. Баңгизат Кыргызстан аркылуу негизинен «Түндүк транзит» деп аталган жашыруун жол аркылуу ташылып турат. Акыркы чуулгандуу окуядан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары транзитке каршы күрөштө чабал болуп жатат деген сынга кабылган.
2021-жылы 1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөш жүргүзүп мамлекетти өз колуна алды. АКШ күчтөрү жана алардын НАТОдогу өнөктөштөрү Ооганстандан апрель айында кете башташкан. Бул процессти 2021-жылдын 11-сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми Улуу Британия Ооганстанда чакан аскер кызматкерлерин калтырууну көздөөдө. Бирок бул боюнча азырынча акыркы чечим жок. Чечимди жакын арада Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кабыл алышы керек.
АКШнын аскерлери Ооганстандагы Баграм авиабазасынын имаратынан чыгып кетери менен ал жакты мародёрлор тоношту. АКШ аскерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Баграмдан чыгып кетип жаткандыгы тууралуу маалымат бербегендиктен, имаратты эч ким кайтарууга алган эмес. Адистер бул америкалыктар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин болчу башаламандыктын алгачкы гана белгиси деп эсептөөдө. Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы куралдуу күчтөрүн Ооганстандан чыгарып жатканына байланыштуу бул өлкөнүн америкалыктарга жардам берген тогуз миңдей жаранына баш калкалоо берүүнү Борбор Азия өлкөлөрүнөн суранган.
АКШнын Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн кол башчысы, генерал Скот Миллер Ооганстандагы жаңжалдын курчушу жарандык согушка алып келиши ыктымал экенин айтты. Радикал "Талибан" кыймылынын Ооганстанды ээлеп алышы дагы жаңы аймактарды өтө тездик менен басып алышы бул өлкө менен чектеш жашаган башка мамлекеттерди тынчсыздандырышы керек.
1989-жылы 14-февралда Армиясын алып чыгып кетип баратып СССР Ооганстанга мектеп, балдар бакчасы сыяктуу 220 обьект калтырып кеткен, 2021-жылы АКШ апийим талаасын,өлүм лагерин калтырып дыр коюшту. Горбачевду Форосто байлап туруп, акыры СССРди таламайга алганда Назарбаев Орусияга ядролук куралдарын берип, Байкоңур космодромун арендага берген. Ооганстанда абал курчуп турганда Казакстандын тунгуч президенти — элбашы Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада кездешкен. Сүйлөшүү учурунда ЕАЭБдин андан ары өнүктүрүү боюнча болочок пландар жана учурда актуалдуу болуп жаткан аймактар аралык маселелер талкууланган. Албетте, бул жерде Борбор Азия аймагынын коопсуздугу тууралуу сөздөр болгон. Айрыкча, талибандар бийлик талашып, азыркы өкмөт менен куралдуу согуш аракеттерин күчөткөнү эки өлкөнү беймаза кылып жаткандыр.
Кремлдин басма сөз кызматы элбашы менен президенттин кездешүүсүндө Орусия менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздашташтыкты андан ары өнүктүрүү, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процессти илгерилетүү, ошондой эле бир катар эл аралык маселелер талкууланганы кабарлаган.
АКШ Ооганстандан армиясын алып чыгып кеткенден кийин өлкөдө абал кандай багытта өнүгөрү тууралуу эки ача пикир бар. Биринчиси божомол боюнча, 1989-жылы болгон окуя кайталанышы мүмкүн. Куралдуу күчтөр чыгып кеткенде Ооганстандагы уруулар ич ара бийлик талашып атып, жарандык согуш тутанып, өздөрү менен өздөрү болуп, башка мамлекеттерге коркунуч келтирбейт.
Экинчиси, божомол боюнча, Ооганстанда колуна автомат кармагандан башканы билбеген 2 муун өсүп чыкканын баарыбыз билебиз. Алар же айыл чарба менен алектенип, же бирдеме куруп, тынч жашоону билбейт. Алардын саны 200 миңдей. «Талибан» бийликти колуна алгандан кийин аларды багыш үчүн сөзсүз түрдө Борбордук Азияга кол салат деген пикир да бар. Коркунуч биринчи кезекте чек аралаш мамлекеттерге жаралат. Булар: Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан.
Орусияны кабатыр кылып жаткан постсоветтик мамлекеттер менен Ооганстандын чектешип турганы. Орусия өзү Ооганстанга эч качан кол салбайт, бирок алар чек арадан өтө турган болсо ЖККУ (ОДКБ) келишимдери боюнча бул уюмга мүчө мамлекеттерге жардам берет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg