www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында Баш мыйзамдын долбоору каралып, референдум дайындоо маселеси күн тартибине киргизилди.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков авторлордун бири өзү экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын айтты. Ал парламенттик аппараттын техникалык кызматкерлери авторлор тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратаарын билдирди.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков жаңы Баш мыйзамдын авторлору ким экенин сурап, аттарын ачыкка чыгарууну талап кылды.

«Кечээ күнү жерге берилген Алмазбек Акматовдун колу жана түрмөдөгү Кубанычбек Жумалиевдин колу көрсөтүлгөн. Бул кандай болду? Түшүндүргүлөчү! Өлүп калган кишиге кантип кол койдурдуңар? 1-мартта алар кантип кол койду? Баш мыйзамдын ээси менен мээсин айткылачы? Элди «кидать» этпегиле, элдин талабы жок бул жерде, көтөн зордукка алып жатасыңар!», - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости