www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-орус мамилесинде эски барактар кайталанып уланып, эски сөздөр, символдор колдонулуп жатса, жаңы барак ачылды дегенден баш тартам. Бул тууралуу коомдук ишмер Эмил Үмөталиев билдирди.

«Жаңы деле барак эмес, болгону тарыхыбыздын кандайдыр бир деңгээлде улануусу. Биздин Орусиянын курамында болуп келе жатканыбызга 150 жыл болуп калды. Ошондуктан бул кандайча жаңы барак болот? Бул - эски барак. Жаңы деңгээлдеги улуттук кызыкчылыкты коргоо беттери ачылса, анда заманбап болмок», - дейт Үмөталиев.

Анын айтымында, Кыргызстан учурда Орусия менен жакшы мамилесин улантуу менен бирге, келечекти көбүрөөк талкуулашы керек.

Грант берген өлкөнүн элине кылган жакшылыктарын, баалуулуктарын түз карай билүү зарыл. Эгерде өлкөдө башка элдерди өзүнө тартып турган жакшылыктар болсо, анда гранттар кызматташуунун бир түрү. Акча менен бирге илим-билим, технология, жарандарына кылган мамиленин үлгүсүн алууга болот», - дейт адис.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости