www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ -Марипов Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу, экологиялык шарттар жана экономикалык абалды жакшыртуу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды.

Улукбек Марипов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүү керектигин белгилеп, административдик ресурстарды колдонууга жол берилбестигин кошумчалады.

Өкмөт башчы жакында курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушканын кошумчалап, анда алар көйгөйлөрүн айтышканын билдирди. "Бул жыйында көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлгө алуу керек. Биз курулуш тармагына жардам беришибиз керек", - деди премьер-министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын инфраструктурасын өркүндөтүү жана экологиялык тазалыгын эске алуу менен коомдук электр транспортун киргизүү үчүн гранттык жардамды тартуу маселелери дагы талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости