www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга жаңы Конституциянын долбоорун талкуулабай, референдумду дайындоо керектигин эскертти.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзамдын долбоору жалпы жыйында каралып жатат.

Анда депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорунунун мүчүлүштүктөрүн айтып, оңдоону талап кылышкан.

«Долбоорду Конситутциялык кеңешме жазып чыккан, азыр парламент референдумду гана дайындашы керек. Андыктан Баш мыйзамдын долбоорун талкуулабай, референдум дайындоону карайлы», — деди Мамытов.

Спикер депутаттар суроо берген сайын азыркы каралып жаткан долбоор талкууга жатпай турганын эскертип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости