www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Олжобай мырза, дегел Кыргызстандагы профсоюздук уюм "тирүүбү"? Сиз кандай дейсиз?
--Бизди, 1997-жылдын аягында Данияда практика өтөп калдым, ошол жердин профсоюздук комитеттердин шумдук ишмердүүлүгүн көрдүм. Ал жердин профсоюздары журналисттердин укугун коргоп, 3 күндүн ичинде кайрылган тараптын маселесин чечип, айлыктарын көтөрүп социалдык пакетин көтөрүп койду. Демек алардын ал жерде күчү бар экен. Ал эми биздин, Кыргызстан профсоюздар Федерациясы ошол Даниядагы профсоюздардай иштей албайт. Анын эки себиби бар. Биринчиден, профсоюз учурда абдан уюму мокок, анткени иш берүүчүлөр менен да, мамлекет менен дагы Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жакшы иштебейт. Экинчиден, элдин профсоюздарга ишеними жок, көп маселени сотко жеткирбей эле чечсе болот, бирок аларды эл билбейт, анткени профсоюздар эл менен начар иштейт. Мамлекеттин убактысы жетпеген, же карабаган маселелерди профсоюз карап, ошол боштукту профсоюздар чечиш керек, мисалы жеке сектордо, өндүрүштө, чарбада, кыскасы баардык жерде профсоюз элдин таламын талашып туруш керек эле. Кыскасы, элдин коргоочусу болуш керек, бирок азыр андай эмес.
--Рахмат.
Булак: NazarNews.kg