www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев чек аралардын жабылышынан аткезчилик кылып, баңгизат ташыган туруктуу системадан пайда көргөн күчтөр абалды чыңалтууга кызыкдар деп билдирди. Суваналиев мындай пикирин «Азаттыкка» берген маегинде билдирген.

«Баткен облусунда чек аралардын жабылышынан чоң күчтөр пайда көрөт. Аткезчилер, мафия, баңгизат ташыгандар бар. Бул аябай туруктуу схема. Саботаж кылган күчтөр да бар. Анткени өткөрмө бекеттер жабык турса буларга ыңгайлуу. Аткезчилик менен киреше табышат. Андыктан алар бизге каршылык көрсөтүшөт. Медиа каражаттарына, социалдык тармактарга чыгып жамандап жаткандарды чагымчыл күчтөр десек болот», - деди.

16-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода жолугуп, Лейлек районундагы «Кулунду» жана «Кайрагач» көзөмөл өткөрүү бекетин ачууну сүйлөшүшөт. Бул өткөрмө бекеттер пандемиядан улам жабылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости