www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Суваналиев чек арадагы жаңжал боюнча үн катты

Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен сүйлөшүү аяктап маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду. Бул маалыматтарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымды укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев айтты.

"Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн абал турукташып бара жатат. Акимчилик, айыл башчылары, күч түзүмдөрү иштөөдө. Кечээтен тарта абалды турукташтыруу менен алекпиз. Азыр абал өзгөрүлмөлүү болуп бир тынчып, кайра жаңжал чыгып кетип жатат. Элдин коопсуздугун сактоо максатында алдын ала иш жүргүзүп жатабыз. Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен биздин делегациянын сүйлөшүүсү аяктап маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду", — деди Суваналиев.

Облус башчысы абалды курчутууга кызыкдар күчтөр болуп жатканын белгиледи.

"Абал азыр көзөмөлдө. Чек арада ызы-чуу, провокация болорун алдын ала сезип турдук... Азыр абалды курчутууга жеткире турган күчтөр бар, бирок биз эки элдин ортосундагы кагылышууга жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө Согди облусунун губернатору талаштуу камераны алыш керектигин айткан. Акыркы күндө Исфананын акими аны укпай коюп, кагылышуу болуп кетти", — деп маалымдады Суваналиев.

Ал учурда так сүйлөшүү азыр боло электигин айтты.

"Учурда коомдук тартипти сактоо жана кайтаруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Абал эмнеге мындай болуп кеткендигин биз тактап билишибиз керек. Айылдагыларды коопсуз жайга көчүрүүдөбүз. Бирин-серин ок атуу болгон, ал боюнча ИИМ башкармалыгы иштеп жатат. Айтайын дегеним, чагымчыл күчтөрдү изилдеп жатабыз", — деди облус жетекчиси.

Эске салсак, 28-апрель күнү күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга маал кайрадан курчуган.

Окуя учурунда төрт кыргызстандык жана беш тажикстандык жаракат алганы айтылат. Алардын ичинен бир кыргызстандыкка ок тийип, оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап дагы бир жараны ок жегенин айтып, бирок Кыргызстандын чек арачылары курал колдонбогонун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости