www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мен Жогорку Кеңештин ушундай чечим кабыл алганына кубанычтамын», - деди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев АКИpress агенттигине парламенттин аны кызматтан алуу боюнча чечимине комментарий берип жатып.

Ал бул чечим Жогорку Кеңештин жүзүн көрсөттү деп белгиледи. «Элдер 10 жыл бою кандай Конституция менен жашап келгендигин жана бизди кимдер башкаргандыгын түшүнүштү. Анткени бардык партиялар өздөрүнүн жакындарын жогорку кызматтарга коюп келишкен», - деди ал.

Бейшеналиев 40 депутат тааныштарын, туугандарын башкы дарыгер жана директор кылып дайындоону сунуштаганын айтты.

«Жанар Акаев өзүнүн жардамчысын Ош облусттук ооруканасына директор кылып дайындоону суранган. Мага каршы чыккан Бактыбек Райымкулов да фтизиатриялык борбордо досун же инисин калтырууну суранган. Евгения Строкованын дагы суранычтары бар. Менде ушундай 40 депутаттын тизмеси бар», - дейт министр.

«3,5 айда мен саламаттыкты сактоо тармагында реформа жасадым, дарыгерлердин айлыгын көтөрдүм, уурдалган акчаларды таптым. Конституция боюнча референдумду эл колдогону жакшы болду. Бизде жаңы Конституция болот», - деп кошумчалады ал.

Бейшеналиев ошондой эле депутат Дастан Бекешевдун министр айрым депутаттарга чалып, аларга бир нерсе кылам деп коркутуп жатат деген билдирүүсүнө да комментарий берди.

«Мен Дастан Бекешов менен эч качан сүйлөшкөн эмесмин, сүйлөшпөйм дагы. Мен профессормун жана Гиппократтын антын бергем. Мен аны менен талашпайм, тескерисинче, керек болсо жолдон өтүүсүнө жардам берем. Мен ушундай адаммын», - деди ал.

«Депутаттар менден корккондой мен киммин. Алар менден коркушабы? Тескерисинче, мен алардан корком», - дейт министр.

28-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча өкмөткө сунуштоо чечимин колдошту.

81 депутат «макул», 8 депутат «каршы» деп добуш берди.

Садыр Жапаров буга чейин АКИpress агенттигине берген маегинде: «Депутаттар кызматтан алабыз, иштебей жатат, деп жатышат. Бирок иш жүзүндө ал жакшы иштейт»,- деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости