www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Суваналиев  жетектеген делегация Ферганага барат

Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш облустардын башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара 22-апрелге белгиленген. Кыргызстандан Баткендин башчысы Өмүрбек Суваналиев жетектеген делегация барат.

Ал эми 23-апрелде Фергана шаарында Баткен, Фергана, Согди облустарынын бизнес коомчулугунун катышуусунда "Чек ара аймактарын интеграциялоо — өнүгүүнүн кепилдиги" аталышындагы бизнес-форум өтөт.

Ошондой эле өнөр жай жана айыл чарба жаатында кызматташууга арналган пленардык жыйындар болуп, B2B жана G2B форматындагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча уюштурулат.

Иш-чаранын алкагында үч облустун башчыларынын да жолугушуусу каралган.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышып, Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө катышат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости