www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зор замандын, бүтүндөй бир доордун, бир муундун тарыхын 3500 кассетасына батырып Тенти Орокчиев да өлбөстүктү көздөй сапар узады. Ал сексенден ашса да жүзүндөгү табигый сулуулук жаш көрсөтүп, өзүн шайдоот алып жүргөн. Советтик замандын «акыркы Могиканы» акыркы сапарга узады. Себеби, ал жаздырып калтырган 300 саатка жакын советтик замандын залкарларынын добушу алтын фондуда сакталып калды. Алардын арасында кимдер гана жок? Ааламды чапчыган Социалисттик Эмгектин баатырлары Чыңгыз Айтматов, алп акын Аалы Токомбаев, Кыргыз эл баатырлары: Түгөлбай Сыдыкбеков, Турдакун Усубалиев, Сабира Күмүшалиева, Асанкан Жумакматов, Абсамат Масалиев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбеков, Күлүйпа Кондучалова, Дооронбек Садырбаев, Жусуп Мамай, маданият мыктылары Сүймөнкул Чокморов, Чолпонбек Базарбаев, Таттыбүбү Турсунбаева жана башка көптөгөн совет заманынын Корифейлери өлбөс катары добуштарын Тенти Орокчиевге жаздырып кетишкен. Алар менен кошо Тенти Орокчиев маектешип отурган, алардын эл билбеген сырларын ачкан, анын жаздырып кеткендери ушул күндөрү да кыргыз үн алгысынан жаңырып турат. Тенти Орокчиев өлсө да добушу өлбөй калды.  

1994-жылы Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен болгон 25 сааттан ашык маеги үчүн «Эл аралык Түгөлбай-ата коомунун сыйлыгын алган. 1991-жылы радиожурналист Тенти Орокчиевдин кыргыздын акын, жазуучулары менен өткөзгөн радиомаектери өзүнчө том болуп жарыкка чыккан. Тенти Орокчиевдин кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктер, радиоочерктер, радиокомпозициялар, радиоэсселер жана бир, бир жарым саатка созулган радиомаектери 3500гө жакын уктуруулар даярдалган. Алардын 300 саатка жакыны Улуттук телерадиокорпорация менен Мамлекеттик архивдин алтын фондунда сакталып турат. Пенсияга чыкса да тим жатпай 2002-жылдан «Кыргыз Руху» гезитинде баяндамачы катары он жылдай эмгектенди.

 Акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылдын 8-сентябрында туулган.

1963-жылы Караколдогу педагогикалык институтту аяктап, 1963–1965-жылдары Кочкор районундагы мектептерде мугалим, 1965–1969-жылдары «Мугалимдер газетасында» 1969–1973-жылдары Кыргыз Совет Энциклопедиясында илимий редактор, 1974–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын телерадиокомитетинде иштеген.

Тенти Орокчиевдин1978-жылы «Мекенимди даңктаймын» деп аталган алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Казак жазуучусу А.Шымбатыровдун «Ак-Сай жайлоосунда» деп аталган повесть жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен которгон. 1997–2002-жылдары жумасына бир ирет жарым сааттан «Таберик» аттуу радиокөркөм жана публицистикалык радиотүрмөгүн эфирге чыгарып келген.

Радиожурналисттик көп жылдык жана чыгармачылык эмгеги эске алынып, 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1998-жылы «КТРКнын отличниги» деген ардак наамдар ыйгарылган. 1994-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, 1973-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү. Советтик замандын «акыркы Могиканы» түбөлүк сапарга узады, алар менен бирге иштегенибиз үчүн сыймыктанабыз!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости