www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Өмүрбек Суваналиевге «Мамлекеттик кызматынын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 22-февралда кол койгон. Белгилей кетсек, 1-класстагы мамлекеттик кеңешчинин класстык чини «генерал-полковник» аскердик наамына теңештирилет.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун 2021-жылдын 15-февралындагы буйругу менен Өмүрбек Суваналиев өлкөнүн эң оор регионунун башчысы болуп дайындалган.

Буга чейин Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант наамын берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Мамлекет башчысынын жарлыгы менен генерал-майор наамы Ички иштер министри Улан Ниязбековго дагы берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости