www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Өмүрбек мырза, Аскар Акаев 2-август күнү Кыргызстанга келди. Анын келиши “Кумтөр” иши менен байланышкан. Акаев УКМК Төрагасы К.Ташиевдин сунушу, Президент С.Жапаровдун “иликтөө адилеттүү жана мыйзамдуу болот” деген деген кепилдиги менен келиптир. Сиздин бул окуя боюнча пикириңиз кандай?
- Кумтөр алтын кени үчүн күрөш улуттук идеяга айланган. Ал кандай идея? “Кыргызстандын табигый байлыгы - элдин менчиги. Ал элге гана кызмат кылат. Эч ким, өзгөчө чет элдик компания улуттук кызыкчылыктан, Кыргызстандын мыйзамдарынан жогору турбайт” деген идеялар.
Узакка созулган Кумтөр алтын кенин Кыргызстанга алуу аракеттери эгемендүүлүк үчүн күрөштүн ачык, даана бир көрүнүшү. Кумтөр алтын кенин улутташтыруу боюнча президент Садыр Жапаров баштаган бийликтин демилгесин колдошубуз, баарыбыз бир болуп, колдон келген жардамды көргөзүшүбүз керек.
Кумтөр боюнча 2003-2009-жылдардагы келишимдерди Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн коррупциялык келишим экенин далилдөө эл аралык сотто биздин өлкөнүн позициясын бекемдейт. Аскар Акаевдин ушундай тагдыр чечүүчү тарыхый учурда Кыргызстанга жардам берейин деген аракетин четке какпаганыбыз дурус. А.Акаев көптү билген, көрсөтмөлөрү салмактуу, ынанымдуу фигурант. Анын Кумтөр үчүн күрөштө Кыргызстанга пайдасы тийет.
Ал эми Акаевдин башкаруу дооруна бериле турган баа, а эгер, мыйзам бузуулары болсо, жоопкерчилиги өзүнчө башка маселе.
Булак: NazarNews.kg