www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар кандай иш алып барат?

Муниципалдык унаа токтоочу зоналарды уюштурууда "Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасы тарабынан хронометраж өткөрүлөт, анан күнүмдүк план түзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, түшкөн каражаттын баары шаардык бюджетке которулат.

"Муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Муниципалдык унаа токтотуучу жайдын бирдиктүү тарифи, канча убакыт токтосо дагы, 25 сомду түзөт. Ошондой эле операторлор "Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасынын логотиби бар атайын жилет кийип, атайын төш белгилерин тагынып, төлөмдү тастыктаган мөөрү бар талонду беришет", - деп айтылат билдирүүдө.

Үзгүлтүксүз түрдө ишкананын адистери райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте муниципалдык унаа токтотуучу жайдын аймагында мыйзамсыз түрдө унаа токтотуу кызматчыларын аныкташууда. Буга байланыштуу белгисиз адамдарга карата КР мыйзамдарында каралган тиешелүү чаралар колдонулат.

"Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасы шаардыктардан операторлордон мөөр басылган талонду талап кылууну суранат. Эгерде сиздерге талон бергиси келбеген адамдарды кезиктирсеңиздер, төмөнкү телефонго чалыңыздар: 0312 656921 же e-mail: [email protected] кайрылыңыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости