www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык балбандар саат 15:15те килемге чыгып баштайт. Бул учурда аянтка фан-зона уюштуруп, чоң экрандан көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Ошондой эле «Азия Молл» соода борборунда дагы фан-зона уюштурулары белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого каршы чыгат. Буга чейин ал румыниялык Криста Инчени 6:0 жана латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсеби менен жеңген.

Ал эми, Махмудов финалда венгриялык Тамаш Леринцге каршы чыгат. Жарым финалда Рафиг Хусейновду 9:1, ага чейин тунистик спортчу Маафи Ладжедди 11:0 эсебинде жеңишти камсыздаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости