www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгач «Азия Ньюс» гезити Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик кызматка бара турганын жазып, саясий сырды ачыктоо менен коңгуроо кагып койгон. Анан көп өтпөй Германияга элчи болору жарыяланды. Албетте, расмий органдар тактаган эмес. Өмуке да бул боюнча ооз ачып, «ак» же «көк» деп билдирүү жасаган жок.

Сыягы, «карт бөрү» күздөгү саясий кырдаалды анализдеп, эки анжы ойдо калганын эшиттик. Эгерде бийликтин күчү кете баштаса, Текебаев дароо позициясын өзгөртүп, саясий майдандын көч башына чыгары калетсиз. Бир эсе алтымыштан жаңы ашкан курагында «сүргүнгө» айдалып, элден обочолонуп калуудан айбыкса керек.

Азырынча «Ата Мекендин» лидери алдуу-күчтүү, кыл чайнашкан күрөш жүзүндөгү жашоосун таштагысы келбейт. Ал эми элчилик кызматка жетимиш жаштан ашкандан кийин деле барса жетишет да, туурабы? Биздин ой чабытыбыз боюнча Өмүрбек Текебаев аз күндө Европага аттануудан айнып, күтүүсүз саясий жүрүш жасоо менен сенсация тартуулайбы?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости