www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-августунда КР УКМК тарабынан кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 326 -беренесинин 1-бөлүгүндө “Пара талап кылуу” фактысы боюнча, пара алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн инспектору «А.Б.Д.» кармалды.

“Тактап айтканда, “К.З.” аттуу жарандын арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө мурда “Б.Ж.” аттуу жарандан кайрылуу келип түшкөн, анын негизинде “А.Б.Д.” инспекторлор тарабынан кайрылууда айтылган фактылар текшерилди. Ошол эле учурда «А.Б.Д.» арызданган «К.З.» аттуу жарандан текшерүү материалдарын прокуратурага өткөрүүдөн баш тартуу үчүн 20 000 сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган. Кармалган «А.Б.Д.» Каракол шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү тергөө иш -чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости