www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек — Ош трассасындагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннель 23-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, 23-августтан тарта тоннелдин желдетүүчү системасына оңдоо жана профилактикалык иштер аткарылып жатат.
Буга чейин ЖМКлар жол улам жабылып жатканына байланыштуу автоунаа тыгыны жаралып жатканын жазышкан.
Транспорт министрлиги жол тыгынын алдын алуу максатында оңдоо иштеринин графигин жарыялады:
7:00-8:30 — оңдоо иштерине байланыштуу автоунаа үчүн жол жабылат;
8:30-14:00 — жол автотранспорт үчүн ачылат;
14:00-15:30 — жол оңдоо үчүн жабылат;
15:30-7:00 — жол ачык болот.
Булак: NazarNews.kg