www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мектептеринде билим берүү онлайн тартипте уланышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү жыйында министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов айтты.

Учурда министрлер кабинети жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карап жатат.

"Мектептерде окутуу онлайн тартипте уланууга мүмкүн эместигин моюнга алышыбыз керек. Билим берүүнүн сапаты аралыктан окутуу учурунда төмөндөп кетти", — деди Марипов.

Анын айтымына караганда, билимдин начарлап кеткендигинин белгилеринин бири жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы. 2019-жылдагыга салыштырмалуу былтыр жана быйыл абитуриенттердин орточо баллы азайтылган.

Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталарын билдирген эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости