www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-февралда Жогорку сот «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүүнүн мыйзамдуулугун карамак. Соттук териштирүү тууралуу депутаттын өзү кабардар болбогонуна байланыштуу жараян 3-мартка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү мыйзамдуу болгон деген негиз менен 5-февралда Жогорку сотко кайрылган.
Буга чейин Бишкектин Административдик соту Текебаевге мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган деген негизде БШКнын чечимин жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту чечимди күчүндө калтырган. Соттун бул ишке кайрылышына жарандык активист Темирлан Ормуковдун арызы негиз болгон.
Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2015-жылкы шайлоого өз партиясынын тизмесин баштап келип шайланып, фракция лидери болуп турган.
Булак: NazarNews.kg