www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түпкүлүгүндө Конституция өлкө үчүн иштелип чыгып, эл тарабынан кабыл алынат. Ал натыйжалуу башкарууну аныктап, элдин жашоосун жакшыртышы керек. Натыйжалуу башкаруу бийиликти бөлүштүрүү принциптеринин сакталышын талап кылат. Кандай болбосун, монополия иш жүзүндө өз билемдүүлүккө алып барат. Бийликтин негизги бутактарынын ортосунда ыйгарым укуктар бөлүштүрүлүп, тең салмактуулук сакталганда гана өлкө туруктуу өнүгөт, жарандардын, бизнестин жана башка субъектилердин укуктары жана эркиндиктери камсыздалат.
Конституционализмдин маңызы бийликти бөлүп берүүгө караганда, баарынын эркин өнүгүшүн камсыздоо үчүн бийликтин чегин аныктоодо жатат.
Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы референдумду дайындоодо Конституцияны жана башка мыйзамдарды бузганына, ошондой эле шайлоочулардын тарыхта болуп көрбөгөндөй аз келгенине карабай, 2021-жылдын 10-январында референдумга катышкандардын көпчүлүгү президенттик система үчүн добуш берди. Бирок президенттик система бийликтин бардык түрлөрүнө президенттик монополия орнойт дегенди түшүндүрбөйт. Президенттик система бийлик бутактарынын функционалдык көз карандысыздыгын камсыздайт: президент аткаруу бийлигине жооптуу болот, парламент мыйзам чыгаруу милдетин аткарышы керек, а соттук функция соттор тарабынан ишке ашырылат. Ошол эле учурда бийликтин ар бир бутагы өз алдынча аракеттенет. Соттук чечимдерди кабыл алганда чечүүчү сөз соттордо болот, ал эми мыйзам кабыл алуу жагы - Жогорку Кеңеште.
Конституция долбоорунда бийликти бөлүштүрүү принциптеринин ишке ашуусун изилдеп жатып, элдин эрки менен баралы. 10-январдагы референдумдагы чечим менен таптаза, гибриддик эмес, классикалык түрдөгү президенттик система тандалып алынды. Айтылган сунуштарга карабай, башкаруунун аралаш, гибриддик формасы референдумда шайлоочулардын тандоосуна коюлган жок. АКШда классикалык президенттик башкаруу орун алган, бул система дал ушул өлкөдө ойлонуп табылган. Кийин муну Мексика, Бразилия, Коста-Рика, Филиппиндер жана башка өлкөлөрдө кайталашкан. Кыргызстан башка өлкөлөрдөгү башкаруу системасын кайталашы шарт эмес. Бирок Кыргызстан элдин эрки менен эсептешүүгө милдеттүү. Башкаруунун президенттик формасына кошумча бир катар талаптар белгиленген эле – бул коррупциянын жоктугу, натыйжалуураак башкаруу жана мамлекеттик аппаратка кеткен чыгымдарды кыскартуу.
Конституциянын долбоору боюнча президенттин бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына карата ыйгарым укуктарын карап көрөлү. Долбоордо президентке парламентти тек салмакта кармап туруу үчүн кадыресе ыйгарым укуктар берилген: вето коюу укугу жана мыйзамды демилгелөө укугу. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга кол коёрдо президенттин вето коюу укугу ошол эле учурда ветону жеңип өтүүгө мүмкүнчүлүктү да камтышы керек. Бул Конституциянын долбоорунда жасалган. Бирок долбоордо парламенттин мыйзам чыгаруу укугун президент өзүнө ыйгарып алган аша чапкандык бар: бул президенттин референдумду дайындоо укугу. Парламент мыйзамды кайсы бир түрүндө кабыл алуудан баш тартканы үчүн эмес, эл тигил же бул маанилүү маселе бюнча өз позициясын билдириши үчүн мыйзам референдумда кабыл алынат. Референдумду дайындоо боюнча ыйгарым укуктун преиздентке өтүшү бийликти бөлүштүрүү принцибин жокко чыгарып жатат. Парламент кабыл албай жаткан мыйзамды президенттин референдум аркылуу ишке ашыра алышы парламенттин негизги делген мыйзам чыгаруу функциясынын баасын кетирет.
Добоордогу дагы бир аша чапкандык: мыйзамды демилгелөө укугу бир эле учурда президентке да, Министрлер кабинетинин төрагасына да берилген. Мыйзамды демилгелөө укугунан пайдалануу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү дегенди түшүндүрөт. Мындай жумуш олуттуу эксперттик потенциалды жана каржылоону талап кылат. Конституция долбоорунда президенттин алдындагы олчойгон эки орган (анык бир аткаминерлердин саны менен) – Министрлер кабинети жана Президенттин администрациясы мыйзам долбоорлорун даярдайт деп турат. Эң жогорку мамлекеттик деңгээлде функция жана институттардын кайталанышы Конституциянын долбоорунан алынышы керек. Мындай кайталануу эки институтту тең жоопкерчиликсиздикке алып барат жана эң башкысы мамлекеттик казына үчүн кымбатка түшөт.
Таптаза, гибриддик эмес, классикалык президенттик системада бийликтин аткаруу бутагынын башчысы болуп президент саналат (бул бийликтин аткаруу бутагынын жогорку чеги катары Министрлер кабинетин да камтыйт). Макамы, ыйгарым укуктары жана кызматка дайындоо-алуу жагынан салмагын жоготкон Министрлер кабинетинин төрагасы Конституцияда болбошу керек. Анын үстүнө президенттен сырткары мыйзамды демилгелөө укугу ага керек эмес. Президенттин атынан мыйзм долбоорлорун киргизүү рационалдуу жана жетиштүү чечим болот.
Эми Конституция долбоорундагы президенттин бийликтин аткаруу бутагына карата ыйгарым укуктарын анализдейли.
Таза президенттик системада, айталы, АКШ, Мексика, Бразилия, Коста-Рика, Флиппиндердин мисалында Баш мыйзамдын талкуудагы долбоорунда Министрлер кабинетинин төрагасы деп айтылып жаткан премьер-министр жок. Мындай башкаруу формасында президент Министрлер кабинетин (муну аткаруу бийлиги, өкмөт же дагы башкача атаган күндө да) өзү жетектейт жана өзү кабыл алган башкаруу чечимдери үчүн саясий жоопкерчиликти мойнуна алат. Мисалы, АКШда бул президенттин кабинети, Бразилия жана Мексикада – федералдык өкмөт, Коста-Рикада – өкмөт кабинети, Филиппендерде жөн гана кабинет деп аталат.
Кыргызстандын Конституциясынын долбоорунда бир эле аткаруу функциясынын ичинде кош структура жана кош жоопкерчилик бар. Президент “КРнын аткаруу бийлигин жетектейт”. Ал Президенттин Администрациясын түзөт. Бирок Министрлер кабинетинин да өзүнчө төрагасы, демек, өзүнчө Министрлер кабинети да бар. Министрлер кабинетине карата президент баарын аныктайт: анын структурасын жана курамын; Министрлер кабинетинин төрагасын (ЖКнын макулдугу менен) жана Министрлер кабинетинин башка мүчөлөрүн дайындайт; алардын баарын кызматтан бошото алат, бийликтин аткаруу органдарынын бардык жетекчилерин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт жана кызматтан бошотот.
Президент аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн жетектейт: Министрлер кабинетинин отурумдарына төрагалык кылат; тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт, алардын актыларын жокко чыгарат ж.б. Министрлер кабинетинин төрагасы Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн гана уюштурат жана бул үчүн президенттин алдында жоопкер болот (90-берене). Бирок “эгерде Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышын канааттандырарлык эмес деп тапса, Министрлер кабинетинин жоопкерчилиги Президент тарабынан каралат” (89-берененин 6-пункту). Чексиз бийликке ээ президент аз келгенсип, Жогорку Кеңеш менен Курултай да Министрлер кабинетинин төрагасын иштен алуу боюнча сунуштарын берүү аркылуу ур-тепкиге алуу боюнча “театралдашкан оюн-зоокко” катышат (70-берененин 1-пунктунун 4-подпункту).
Ошентип, талкуудагы долбоордо президенттик системанын маани-маңызына карабай, садага чабылчу кишини – Министрлер кабинетинин төрагасын алдын ала эле аныктап коюшкан. Башкы аткаруучу – президенттин аракети/аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликти төрагага жүктөп койсо болот. Бул механизм КРдеги 1993-2010-жылдардагы президенттик-парламенттик системада колдонулган: бардык ыйгарым укуктар президентте болгон менен, жоопкерчилигик жагы премьер-министрдин мойнунда эле. Натыйжалуу башкарууну чукул арада жолго коюу зарыл болуп турган Кыргызстандын шартында президенттик система үчүн бул нерсе жарабайт.
Аппараттары, бөлүмдөрү, башкармалары жана кызматкерлери бар килейген эки органды – Министрлер Кабинетин жана Президенттин Администрациясын багып отурууга муктаждык жок. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, алда канча байыраак өлкөлөр – АКШ, Бразилия, Мексика, Коста-Рика, Филиппиндердеги президенттик системаларда бир эле кабинет бар жана аны президент баштайт. Башкаруунун президенттик формасынын мааниси ушунда болуп жатпайбы. Конституциянын долбоорунда мамлекеттик бюджетти үнөмдөөнү президенттен жана натыйжасыз, тең салмаксыз болуп жаткан бийликтин аткаруу бутагынан баштоону жана даана көрүнүп турган кайталанма көрүнүштөрдү жоюуну сунуштайбыз. Анын үстүнө бул жагы эл референдумда тандаган башкаруунун президенттик формасына карама-каршы келүүдө.
Мамлекеттик демократиялык структура деп саналган парламенттин жөндөмдүүлүгүнүн Конституциянын долбоорунда алсызданышы элдик суверенитетти ишке ашырууга жана конституционализмди өнүктүрүүгө өбөлгө болбойт. Анда бүткүл бийлик президенттин колуна топтолуп, парламентти алсыздандырышкан. Парламентти алсыздатуу бардык жагынан жасалган: депутаттардын төрттөн бирин (120дан 90) кыскартуудан тарта шайланып келүү ыкмасына чейин – өзүнчө мыйзамда депутаттардын бир бөлүгү уюмдардан – саясий партиялардан эмес, жеке шайланып келет. Буга кошо президент парламенттин мыйзам чыгаруу боюнча айрым функцияларын жана депутатты чакыртып алууну өзүнө алган.
Балким, айрымдар үчүн депутатты чакыртып алуу тигил же бул себептер менен өз милдеттерин аткарбай жаткан эл өкүлүнүн мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу натыйжалуу инструменттей сезилиши ыктымал. Бирок иш жүзүнө келгенде императивдүү мандат - эскилиги жеткен институт. Ал жакынкы өтмүштө социалисттик өлкөлөрдүн гана жогорку мамлекеттик органдарында болгон. Депутатты чакыртып алуу – бул депутатты коркутуу үчүн аткаруу бийлигинин колундагы кошумча ыңгайлуу курал. Эл өкүлүнө каршы императивдик мандатты колдонуу коркунучу турганда, ал парламентте ачык жана чын сөзүн айтуудан тайсалдайт. Императивдүү мандат орто кылымдарда кеңири жайылган эле жана ал феодализмдин чачкындыгы менен буржуазиянын бийлик үчүн күрөшүнө байланыштуу болчу. Буржуазиялык революциялардын натыйжасы катары келген демократиянын өнүгүү доорунда, тескерисинче, депутаттын эркин мандаты кадыресе көрүнүшкө айланды. Депутатты эл тандадыбы, демек, эл ага калктын жана өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн Конституциянын жана өз ынанымдарынын негизинде аракеттениши үчүн ишеним көрсөттү. Эгер депутат жакшы иштей албаса, анда шайлоочулар кийинки шайлоодо ага добуш бербей кое алат. Тигил же бул депутатка добуш берип жатып шайлоочу демократия үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна да алышы шарт.
Депутаттардын бир бөлүгүнүн бир мандаттуу округдардан шайланып келишин жана алардын саясий партиялардан көрсөтүлбөшүн киргизүү өлкөнүн саясий системасынын прогрессивдүү өнүгүшүн шарттабайт. Бул өлкөнү өнүктүрүү идеяларын түзүү жана ишке ашыруу зарылдыгын эми гана түшүнүп, ушул багытта алгачкы кадамдарды жасай баштаган саясий партиялардын өнүгүшүн алсыздатат.
Элдик курултай институтуна долбоордо берешендик менен орун берилген. Керек учурда өзүнчө конституциялык мыйзам менен аны күчтөндүрүү же унуткарып коюу потенциалы бар. Буга кошо Элдик курултай президент менен парламенттин ыйгарым укуктарына байланышкан негизги беренелерде белгиленип жатат. Элдик курултай Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жана бийликтин аткаруу органдарынын башчыларын кызматтан бошотуу боюнча президентке сунуш берет (70-берененин 1-пункту). Конституциянын долбоорунда Элдик курултайга ар кандай мамлекеттик ыйгарым укуктардын берилиши коомдук макамына жана эркин калыптанышына дал келбейт. Президент эл жана мамлекеттик орган – Жогорку Кеңеш менен катар эле Элдик курултайга – коомдук-өкүлчүлүк жыйналышка жылдык кайрылуусун жолдой алат. Ошондой эле анын отурумдарында сөз сүйлөгөнгө укуктуу (3-берененин 70-пункту). КР Конституциясынын долбоорундагы түркмөндөрдүн тоталитардык тренддерин толуктаган дагы бир жагдай – Элдик курултайга мыйзам демилгелөө укугунун берилиши (85-берене), ошондой эле президент, Жогорку Кеңеш жана юридикалык коомчулук менен катар эле Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамынын үчтөн бир бөлүгүн Элдик курултайдын өкүлдөрүнөн болушуна жол берилгени (96-берене).
Тоталитардык салттарды улай, долбоордун структурасы логикадан тыш, эби-сыны жок жана ар кандай масштабда болуп калган: беренелердин саны аракеттеги Конституциядагыдай эле болгону менен (116 – долбоордо, 114 – аракеттеги Конституцияда), көптөгөн бөлүмдөр кошулган. Мисалы, III. КООМДУН РУХАНИЙ-МАДАНИЙ НЕГИЗДЕРИ бөлүмү эки беренеден турат: (21-22-б.). 21-беренеде мамлекеттин маданиятты өнүктүрүү, салт-санааларды сактоо, ынтымакты бекемдөө милдеттери тууралуу айтылса, экинчиси – 22-беренесинде илим менен билим тууралуу эптемей сөздөр жана Улуттук илимдер академиясынын жөнгө салуу ролу жөнүндө жазылган. Ошол эле учурда 20-берене (үй-бүлө, ата-энени сыйлоо жана аларга кам көрүү ж.б. тууралуу) эмнегедир II.КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ бөлүмүнө киргизилген да, кийинки бөлүмдөгү 21-беренеде улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү боюнча салттар тууралуу экинчи пункт пайда болот.
Конституцияны кабыл алуу – бул элдин өзүнүн суверендүү эркин билдирүү актысы. Алардын баалуулуктары жана идеалдары преамбулада жана баштапкы беренелерде көрсөтүлөт. Тилекке каршы, Кыргызстандын Конституциясынын долбоору так эмес, көп сөздүү преамбуладан башталат. Бир эле нерсенин ар кандай сөздөр менен улам кайталанышы, ар кандай масштабдуу мамиле жана көп сөздүүлүк орун алган. Баш мыйзамдын долбоору толуктап кайра иштеп чыгууга жана андан аркы талкууга муктаж. Долбоорду ушул турушунда кабыл алуу Кыргызстан үчүн шермендечилик болот.
Ошентип, биз президент менен парламенттин өз ара мамилесинин чегинде гана КРнын Конституциянын долбооруна төмөндөгүлөрдү сунуштайбыз:
Булак: NazarNews.kg