www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (Муфтият) мурдагы башчысы Максатбек Токтомушев муфтият боюнча арызды «жалган жалаа» деп атады. 24-февралда ал социалдык түйүндөр аркылуу видеокайрылуу таратып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) айыптады:

«Өзү бул иш 2-3 ай мурда эле башталган. Жалган жалаа. Жүз ажынын атынан арыз жаздырышып, «акчабызды ала албай калдык» деген доо менен муфтиятты текшерүүгө кол салышкан. Бул жүз киши ажылыкка бир сом төлөмөк турсун өздөрү бирөө да катталган эмес болуп чыкты. Ушул жалган арыздын негизинде УКМК кызматкерлери соттун чечимин чыгарып, документтерди тинтүү менен алып кетишкен»

12-февралда Муфтиятттын башкы эсепчиси эки айга камакка алынган.

10-февралда УКМК ал мыйзамсыз финансылык иштерге шектүү катары кармаганын маалымдаган жана «Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталды» деп билдирген.

Ошол эле күнү муфтийликти жетектеп турган Максатбек Токтомушев бул ишке шектүү катары кармалган.

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан арызын карап, канааттандырган.

12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Токтомушевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошоткон.

Муфтият боюнча дагы бир териштирүү жүрүп жатканын Финпол 12-февралда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, арыз менен Аалымдар кеңеши кайрылып, муфтияттын ишин текшерүүнү өтүнгөн. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 233-беренеси (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен катталган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости