www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жетинин бири - Кыдыр” деген кеп бар, Мадумаров парламентке шайлоого катышса жетинчи ирет бийликти штурмалап, ийгилик менен чыгышы күтүлөт. Адахам Мадумаров Акаевдин заманынан бери келе жаткан күчтүү саясатчы. Бирок, жолу гана кыйчалыш турат. Мадумаровдун Ак  үйгө жасаган чабуулу алтынчы ирет да ийгиликсиз аяктады. Биринчи ирет, 2010 - жылы октябрдагы парламенттик шайлоого болгон чабуулун Атамбаевдик кучтөр жокко чыгарышып, парламенттик шайлоого өтсө да добушун жеткизбей коюшкан. Экинчи ирет, 2011 - жылы октябрдагы президенттик шайлоого болгон чабуулу экинчи орун менен аяктаган. Үчүнчү ирет, 2015 - жылы октябрдагы парламенттик шайлоого болгон чабуулун Атамбаевдик күчтөр жокко чыгарышып, парламенттик шайлоого өтсө да добушун жеткизбей коюшкан. Төртүнчү ирет, 2017- жылы октябрдагы президенттик шайлоого болгон чабуулу үчүнчү орун менен аяктаган. Бешинчи ирет, 2020 - жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо Көтанини бурап коюп, жеңишке жеткен, бирок парламенттик шайлоого өтпөй калгандардын Ак үйдү басып алуусу менен, бул парламенттик шайлоо жокко чыгарылды. Көтани болсо кол булгалап губернатор болуп кеткен. Алтынчы ирет, 2021 - жылдын 10-январында президенттик шайлоого аттанып, бул да ийгиликсиз аяктады. Эми жаңы Конституция кабыл алынса,кайрадан парламенттик шайлоо болот, балким ошондо Мадумаровдун жылдызы жанар.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро бир күнү шаардык автобустун айдоочусу ишине кайтып баруу ниетин билдирди: "Мен бир күнү президенттик кызматтан кеткенден кийин автобазаларга башымды бийик көтөрүп, формачан кайтып келип, көчөгө автобус айдап чыгып, кызмат өтөйм деп үмүттөнөм", - деген ал транспорт кызматкерлери менен жолугушуу учурунда.

Николас Мадуро орто билимин өз курагындагылардан кеч алган. Ал иш таштоону уюштурганы үчүн мектептен чыгарылган. Өспүрүм кезинде ал солчул уюмдардын активистине айланган, кийинчерээк, автобус айдоочусу жана Каракас метросунун жумушчулар профсоюзунун мүчөсү болгон. Мадуро 1990 - жылдын башында ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин болочок президент жана социалисттик лидер Уго Чавес менен жакын болуп, анын партиясына кошулуп, 1998 - жылы республиканын конгрессине шайланган. 2005 - жылы Улуттук Ассамблеянын төрагасы, 2006-жылы Уго Чавестин өкмөтүндө тышкы иштер министри болгон. 2012 - жылы мурдагы президент Уго Чавес көз жумардан бир нече ай мурда жарандарга алдыдагы президенттик шайлоодо Мадуронун талапкерлигин колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Николас Мадуро Венесуэланын президенти болуп 2013 - жылдын апрелинде шайланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости