www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын катчысы Кырккелди Кыдырбаев массалык маалымат каражаттарына билдирди.
Ал мындай чечимди Текебаев өзү арыз жазбаганы үчүн кароого негиз жана предмет жок экендиги менен түшүндүрдү.
25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып ал мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.
Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон. Айрым юристтер болсо "Текебаев ырайым сурап президентке өзү кайрылышы керек" деген пикирин айтышкан.
Булак: NazarNews.kg