www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу 2019-жылкы Азиянын Борбордук зонасы боюнча мелдештин эң пайдалуу оюнчусу деп табылды.

Оңолбек Каныбек уулу матчтагы бардык турнирлерди жеңип, Кыргызстандын курамасынын эң натыйжалуу оюнчусу болуп, турнирдин MVP (баалуу оюнчу) деп аталды. Каныбек уулу 2017-жылы да ушул эле турнирде эң натыйжалуу оюнчу деп табылган эле.

Ошондой эле, Жамалидин Мусаев да бул турнирдин эң байланыштыруучу оюнчусу деп табылды. Мусаев 2017-жылы да ушул эле турнирде өз позициясындагы эң мыкты оюнчу деп аталды.

Эске салсак, өлкөбүздүн волейбол боюнча курама командасы Азиянын Борбордук зонасы боюнча чемпионаттын жеңүүчүсү аталган. Мелдеш ушул жылдын 19-августунан 24-августуна чейин Непалдын борбору Катманду шаарында 7 команданын катышуусунда өткөн.

Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычта Непал менен Мальдив аралдарынын курама командаларын 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда бул зонанын учурдагы чемпиону Түркмөнстандын курама командасы менен беттешип, аны да 3:0 эсебинде жеңип алган.

Ал эми 24-августта өткөн финалдык оюнда курама командабыз Өзбекстандын курама командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздашты.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости