www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы Кытай инвесторлорун жана жарандарын Кытайдын кайтаруу агенттиги коргобойт. Кытай жарандарын коргоо үчүн жоокерлерин жөнөтөт деген маалымат жалган жана аны атайын чагымчылдык үчүн жайылткандар жоопко тартылат.

Бул тууралуу бүгүн КР Өкмөтүнүн аппараты маалымдады. Анда жарандарды мындай мүнөздөгү провакацияларга алдырбоого чакырат: “Аталган факт боюнча иликтөөлөр башталды. Буга тиешеси бар адамдар КРнын мыйзамдарынын негизинде жоопко тартылат. Тоо-кен жана өндүрүш ишканаларын кайтарган атайын башкармалыкты ИИМдин курамында уюштуруу долбоору өкмөттүн аппаратында каралып жатат”, -деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, интернет тармактарда “Кыргызстандагы кытайлык инвесторлорду жана жарандарды Кытайдын куралчан жоокерлери коргойт экен” деген маалымат таркап кеткен. Мындан улам кыргыз коомчулугунун бүйүрү кызып жатканы белгилүү эле.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости