www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лондондун Жогорку соту алданып бирөөнүн баласын тарбиялап жүргөнүн билген күйөөнүн арызын карап, өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, баланын чыныгы атасы аялынын мурунку ойношу болуп чыккан. Алданган күйөө бул тууралуу бала 8ге чыкканда билип калган. Ал аялын сотко берип, анын баласын тарбиялоого бул жылдары короткон акчасын кайтарып берүүсүн талап кылган. Андан сырткары, ал эркек моралдык зыянды да төлөп берүүсүн талап кылган.
Жыйынтыгында, судья убакыт келмейинче балага чыныгы атасы ким экендигин айтууга тыюу салган. Ошондой эле, судья бул окуяда катышкан каармандардын аты-жөндөрүн маалымат каражаттарына чыгуусуна да тыюу салды. Ал эми алданган күйөөгө аялы канча акча төлөп бере турганы тууралуу маалымат белгисиз.
23-августта да, Сингапурда миллионер мурунку ойношун сотко берип, 2 миллион сингапур долларын талап кылганы маалым болгон. Миллионер ойношуна карызга акча берип, кайтара албай жатканын айтса, мурунку ойношу ал акчаны белек катары берген деп төлөп берүүдөн баш тартууда.
Булак: "NazarNews.kg"