www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын 1% үлүшү жок, экологиялык жактан абдан опурталдуу Шамбесай (Кадамжай районунда жайгашкан) алтын кенин ачууга бийлик жашыруун кам көрүп, тийиштүү күч операциясын даярдап койгону бизге ушу август айынын соңунда маалым болду. Күч операциясынын планы Кадамжай райондук милициясында турат. Ал планга ылайык, кенди ачууга каршылык көрсөткөн активисттер кармалып, башка райондорго чыгарылып кетет экен. Аларга катуу чаралар көрүлөт. Мына ошентип элдин үшү алынып, кытайлардын кен казуусуна жол ачуу пландалууда. Бирок кенди ачууга калкта каршылык абдан күчтүү. Ачуу аракети трагедия менен коштолушу ыктымал...

Шамбесай алтын кенинде 8-15 тонна алтын бары маалым. Кээ бир эксперттер 40 тоннага чейин алтын бардыгын айтып жүрүшөт. 15 тонна алтын бери дегенде 600 млн. доллар же 42 млрд. сом болот. Мына ушул миллиарддардан Майдан айыл өкмөтүнө жыл сайын 40 миллион сом берүү каралган. Беш жылдын ичинде 200 млн. сом төлөнөт экен. Бул эмне деген маскаралык?! Калкты, мамлекетти таламандын так түшүндө талап-тонооо го!?

Көрүнүп тургандай кенди иштетүүнүн экономикалык пайдасы жок мамлекет үчүн да, жергиликтүү эл үчүн да. Майдан айыл өкмөтүнүн тургундары алма, өрүк, гилас, шабдаалы өстүрүп, алардын түшүмүн сатуу менен киреше табат. Бир кожолук жакшы түшүм болгондо 1 млн. сом киреше табат. Майданда жүздөгөн, миңдеген үй-бүлө бар. Эгерде кен ачылса аларга кандай зыян болорун элестетип көрсөңүз болот...Ошондуктан жергиликтүү калк өкмөткө мына ошол 40 млн. сомду биз эле төлөп берели, кенди ачып, уябызды бузбасын, бак-дарактарыбызды соолтопосун деп жатат.

Бул кен жүз миңден ашуун адам суу ичкен Исфайрам дарыясынын дээрлик жээгинде, Майдан айылынын четинде жайгашкан. Ошондуктан кенди иштетүү экологиялык жактан абдан опурталдуу.

Кезинде Австралиянын "Зет эксплорер" компаниясы чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Кенди иштетүүгө жергиликтүү элдин каршылыгын көрүп, аны кытайларга сатып жиберген. Кытайлар коррупцияланган кыргыз бийлигин пайдаланып, кенди ачууга жең ичинен катуу аракеттенип жатат.

2018-жылы 2-февралда Майдан айылында миңдеген адамдар элдик жыйынга чогулуп, кендин ачылышына каршылыгын билдирген. Андан кийин президент Жээнбековдун Кадамжайга сапарында каршылык кайрылууну, тийиштүү фото, видеотасмалар менен коштоп беришкен...

Бийлик Шамбесай кенин ачууда экологиялык коркунуч жок дегенди калкка сиңирүүгө болгон аракетин жасап жатат. Алар "күндүк өмүрүң калса, түштүгүнө жорго мин" деген түшүнүк менен жашоодо.

Кыргызстанда бардык алтын кендер Шамбесай сыяктуу элге, мамлекетке пайдасыз шартта иштетилип жатат. Алардын дээрлик баарында Кыргызстандын үлүшү жок, экологиялык талаптар жакшы каралган эмес. Кумтөр, Жерүй, Солтон-Сары, Ала-Бука, Чаткалдагы кендердин абалы аны айкын көрсөтүп турат.

Мындай шарт менен кен иштетүү элге, мамлекетке жасалган ЧЫККЫНЧЫЛЫК. Анткени андан үч-төрт коррупционер гана пайда көрүп, калк, мамлекет утулуп, Кыргызстан жери экологиялык чооң апаатта калып жатат...

Айданбек Акматов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости