www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми жарандар Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барып, транспорт жана кыймылсыз мүлк боюнча салыктарын төлөй алышат.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, жарандардын салыктарды өз убагында төлөөсүн камсыздоо үчүн калкты тейлөө борборлору да тартылды. Бул аймактардагы салык башкармалыктарынын, банк филиалдарынын жана почта бөлүмдөрүнүн ишин жеңилдетүүгө багытталган.

Жарандар салыктарды төмөнкү даректер боюнча саат 9:00дөн 18:00гө чейин төлөй алышат:

· КТБ №1 — Медеров көчөсү, 44/1, Жукеев-Пудовкин көчөсү менен кесилишет, "Бишкек" соода борборунун имараты;

· КТБ №2 — Чокон Валиханов көчөсү, 2, ("Аю гранд" соода борбору);

· КТБ №3 — Жаш Гвардия проспектиси, 4, (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет);

Салык төлөй турчу киши паспортунун түп нускасын же көчүрмөсүн алып жүрүшү керек. Техпаспорттун көчүрмөсү болсо да жарайт.

Эске салсак, жарандарга ыңгайлуу болушу жана убакытты үнөмдөшү үчүн шаардык муниципалитеттин экономика жана инвестициялар департаменти салыктар өз убагында төлөнүшү үчүн пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Экономика жана инвестициялар департаментинин кызматкерлери мамлекеттик кызматы менен биргеликте кызматкерлердин жумуш ордуна барышууда. Алар жумуш ордунан чыкпай эле 1 жана 4-категориядагы салыктарды төлөй алышмакчы.

Белгилей кетсек, 1-сентябрга чейин автоунаанын салыгын, 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлктүн, жердин салыгын төлөө керек. Убагында төлөбөгөндөргө айып пул каралган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости