www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Сургут шаардык соту Кыргыз Республикасынын жаранын Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу маалымат Россиянын Ханты-Манси автономиялык округунун прокуратурасынын сотунун расмий сайтына жарыяланды.

Белгилүү болгондой, кыргыз жараны 2015-жылдын июнь айында административдик жоопкерчиликке тартылып, чыгарылгандан баштап Россиянын аймагына 5 жылга чейин кирүүгө тыюу салынган экен.

Бирок, ал өзүнүн атын жана фамилиясын өзгөртүп, 2016-жылдын декабрь айында кайрадан Россияга барып, өлкө аймагында жүрө берген.  

Сот кыргыз жаранын күнөөлүү деп таап, 7 ай эркинен ажыратылып, жазасын жатак абакта өтөөсү боюнча чечим чыгарды.

Белгилей кетсек, Россияда 1 миллиондой кыргыз жараны иштеп жүргөнү белгилүү. Маалыматтарга караганда, 2019-жылдын июль айына карата Россиянын “кара тизмесине” 64 миң 792 кыргыз жараны киргизилген. Булардын көпчүлүгү болор-болбос эреже бузуп “кара тизмеге” кирип калгандар экендиги айтылган. “Кара тизмеге” кирип калгандардын айрымдары Кыргызстанда жумуш жоктугунан улам айла жок аты-жөнүн өзгөртүп кайра Россияга иштегени кетип жүрүшөт.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости