www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жарлыктын тексти:

«Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 2018-жылдын 10-декабрындагы № 3 „Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө“ чечимин ишке ашыруу максатында токтом кылам:

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетке ага жүктөлгөн функцияларды аткарууда ар тараптан көмөк көрсөтсүн, анын ичинде мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырларды камтыган документтерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берсин.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости