www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Онтобой "ооруган" Оторбаев

Оторбаев деген мыкты чыкманы билесиӊер да. Түзүк журналист, акындык чалмасы да бар, азыраак саясатчы, анан бош орун болсо кызматтын аркы-беркисине карабай бара берет. Колунан келеби, келбейби, аны менен баш оорутпайт. Кезинде «Азаттык» үналгысын жетектеп жүрүп, эт менен челдин ортосунан өйдөлөй алган эмес, андан соӊ КТРКге барып, ал жерде да ара төрөлгөн балача араӊ иштемиш эткен.

Кызматтан кудай бак айтып койгон экен, эми баягы «Тукелердин (Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акундун) бактысына бүткөн» Акыйкатчылык арабасында кылдырап жүрөт. Ансыз да Ала-Тоодон акыйкат караанын анда-мында бир көрсөтүп койчу эле. Оторбаев келгени карааны да көрүнбөй калды. Акыйкатчы деген укук тепселген, мыйзам бузулган жерлерде жүрүш керек эле. Оторбаев болсо аш-той, кече-майрамдардан колу бошобойт. Кыскасы, коомдук ар тараптуу кырдаалдарда калыс сөзүн да айта албай, акыйкатты муунтуп, аны менен кошо өзү же ары, же бери боло албай кыйналып жүрү.

Онтобой ооруга чалдыккан эмече. Деги биз качан татыктуу адамдардын жетегине түшөр экенбиз? Итий идея, ара төрөлгөн акыл менен алышып атып чейрек кылымды узаттык. Адилеттүүлүк, акыйкат дегендин тизгинин кармачу кишибиз «ана-мына аборт болом» деген түйүлдүкчө жетиле албай койду. Оторбаевдин жеке кызыкчылыгы үчүн ачылган кызмат болсо да эмне болуптур. Иштей албаган соӊ ордун бошотпойбу? Акыйкат издеп кат жазган жарандарыбыз айлап-жылдап жообун ала албай жүргөнү жалганбы?!

Булак: «Мантыш»

Последние новости