www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылды Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдө аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялап, бардык бийлик структураларына өнүгүү милдетин койду. Бирок, бул багытта Жалал-Абад шаарынын алдына коюлган милдеттер толук аткарылбады. Деген менен, бул боюнча жогорку бийлик органдары куласа чыгарып, унчуга элек.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев атпай журттан алдында да, массалык маалымат каражаттарынын алдында да өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу инфраструктуралык курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 147 миллион сом бөлүнгөнүн айтуудан тажабай келет. Шаар бюджетинен ушунча сумма курулуш иштерине каралганы, мындай үлкөн сумма мурда каралып көрбөгөнүчын. Бирок, бул шаардын мурдагы мэринин, депутаттардын шаардык кеңешинин ошол кездеги курамынын максаты жана эмгеги болчу.

М. Тагаев өткөн жылдын июнь айында шаар мэри болуп шайланып, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине “эми башкача иштейбиз” таризинде жаңыча тапшырмаларды койгон. Ошентип, жыл жыйынтыгы да чыгып, 67 миллион 398,1 миң сомдук курулуш иштери аткарылбай калганы маалым болду. Оңду-солду мактанып, бөлүнгөн 147 миллион сомду айтканы менен 67 миллион сомдук “позорду” негедир айткысы келбейт? Демек, өткөн жылы 80 миллион сомдук гана иштер,же болбосо пландалган иштердин 54 пайызынан ашыгыраагы гана аткарылып, 45 пайызы аткарылбай кала бергенин түшүндүрөт. Буга кандайча баа бериш керек? Макташ керекпи же сындаш керекпи?

Эми быйылкы жылы башкача болот, катуураак өнүгөбүз таризинде мэр М. Тагаев теле-экрандардан күпүлдөп атат. Ошол эле кезде шаардын соңку тарыхында биринчи жолу негизги көрсөткүч болгон өнөр жай продукциясын өндүрүү жагы артка кетип, продукция өндүрүүнүн көлөмү азайды. Мисал катары быйылкы январь айынын статистикасын көрсө жетиштүү болот. Ошентип, шаарда айтылган сөз башка да, иш башка болуп жатат.

Эми быйылкы жылы да жергиликтүү бюджеттен инфраструктуралык курулуш иштерине өткөн жылдагыдан кем эмес каражаттар бөлүндү. Ошондой эле өткөн жылдагы калып кеткен иштерди аягына чыгарууга да 42 миллион 188,2 миң сом каралды. Эми алар толук кандуу аткарылар бекен, же шаар мэри дагы эле элдин жана жогорку органдардын кулагына лагман илеби? Аны мезгил көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости