www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандык «Брешно» энергетикалык компаниясы тажик бийлигине кайрылып, өлкөгө электр кубатын жеткирүүнү токтотпоого чакырды. Ооган компаниясы Тажикстанга электр энергиясы үчүн карызын Ооганстанда банк системасы калыбына келгенден кийин которорун билдирди.

Тажикстандык «Барки точик» компаниясы 5-октябрда Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү токтотулбаганын кабарлады. Энергохолдинг «Брешно» компаниясы канча каражат карыз экенин айткан жок.

«Талибан» (Тажикстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган) Кабулду басып алгандан кийин ооган энергетикалык компаниялары келишимде каралган каражаттарды төлөөдө көйгөйлөргө туш болушкан.

«Озоди» радиосунун «Барки точик» компаниясындагы өз булагы 2021-жылы Ооганстанга 1,5 млрд киловатт-саат электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

«Барки точик» ооган компаниясына 1 кВт/с электр кубатын 4,5 центтен сатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын экспорттоону азайтып, аны Кыргызстанга сата баштары айтылган.

Бул арада Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги 5-октябрда Кыргызстанга электр кубатын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндөгү маалыматка тактоо киргизди. Коңшу өлкө электр кубатын жеткирүү Кыргызстандын өтүнүчүнөн кийин ишке аша баштаганын белгиледи.

«Бүгүнтөн тартып, Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып, «электр энергия керек болсо берели» деп сунуш кылышкан. Бүгүнтөн тарта күн сайын 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 млн. кВт. саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар», - деген Бекмурзаев.

Эске салсак, 1-октябрда энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкөгө электр кубаты тажик тараптын сунушу менен бериле баштаганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости