www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким бийликке келсе да «тоок сүйүүсүн» арнап, тоголонуп жүрүп «марионеткасына» айланган «маслоед» -акчанын майын чыгара сүйлөгөн Арзыбек Бурканов. Боконосу ката элек убакта партия заманы өтүп кетип, Акаевдин убагында «боконосун катыра» коюп, каймакты кайдан калпып жешти сезе койгон.

Аскар Акаевичке жүгүнүп  «кошелогунун» кошелогуна  айланган. Акча дегенде жөтөлүп атса да муңун түшүнө билген Арзыбек Бурканов депутат болгон соң «Арзыматтардын атамандарына» айланат. Өзүн «ааламдын падышасы» катары сезген Арзыбек Бурканов бут тоскон адамдарга тоскоолдук жаратып,  «Жыландан жүн кырккан,  бүргөдөн май сызгырган» көпөстөрдү колдоп, ага тийишкендерге тиш кайрап, сес көрсөтүп тура калчу.

Бир гана жери аны колдогондор  элге, партиясына да батпай калып ар кайсыга жан соогалап ирегесине барып, түртүнчүк болуп жүргөндө ал тарапка таш ыргыткан жок. Арзыбек Буркановду ким  мурдунан жетелеп алышканы белгисиз, мурунтугун эмгиче чече албай шал болуп баратат. Ал учурда жаңы «масло» жүргөн «жүгүлүнүн» моторундай болуп, жүда жүгүрүгү арбып барат.

Айтылуу Арзыбек Бурканов парламенттик шайлоонун амалдары менен баш оорутуп жаткан чагы. Резиденцияда майкечен жүрүп калганына мактанып, «каралар» менен кызматташканына делөөрүйбү? Аларга көз карандыбы ким билет.

Айтор, Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясын жыгууга ашыгып, «Ишенимди» сүрөп, жакындарын да депутат кылуу үчүн Баткен облусунан иштей турганы айтылды. Ал жактагы көпчүлүк чиновниктер туугандары, дос-жарлары эмеспи.

Эл көзүнөн оолак Арзыбек Бурканов бизнести да катыра кылууга ашыгып жатыптыр. Бийликтин адамы сыңарындай көрүнүп, ишкерликтин изине түшүп, ири долбоорлорго, тендерлерге аралашса эле кекиртегине чейин чөмүлүп кетпейби?

Бул дүйнөдө аял менен акчанын түбүнө эч ким жеткен эмес. Пенде баласы бар оокаткака ниет кылбаса, ачкөздүктүн аягы эмнеге алып барарын көрүп жатпайбызбы. Топук кылуудан өткөн баалуулук жок. Арзыбек адыраңдай бербей мурункулардан сабак албаган Арзыбек мырза шайлоочулардын арзуусуна татыйбы же колдогондору жер сүзөбү?

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости